Жайыл аймактык төрөт үйүндө ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу 24. kg агенттигине медициналык мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-июнда төрөт үйүнө 38 жумалык кош бойлуу келин келип түшкөн. Ал 3-даражадагы май басуу менен жабыркап жүргөн.
«Аял 4 килограмм салмактагы уул төрөгөн. Наристенин башы киндигине оролуп калган. Ал оор абалда төрөлгөн», -деп билдиришти төрөт үйүнөн.
Мекемеден билдиришкендей, алдын ала алынган маалыматка ылайык, бала асфикциядан каза болгон. Так маалымат кийинчерээк берилет.