22:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Башкы прокурор Азиз Батукаевдин көрсөтмөсүн көрсөтөм деп жаңылыш сүйлөгөн

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин көрсөтмөсүн көрсөтөм деп жаңылыш сүйлөп алды. Бул бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда болду.

Алмазбек Атамбаевдин мурунку кылгандарын айтып жатып, Өткүрбек Жамшитов: «Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча оор кылмыштын курамдары табылды. Сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Жөн гана сөз болуп калбаш үчүн, менде Азиз Батукаевдин көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү бар. Ал аны кантип бошотконун айтып, Атамбаевге каршы көрсөтмө берди», -деген.

Кийинчерээк башкы прокурор жаңылыш айтканын билдирди. «Мен сиздерге Атахановдун көрсөтмөсүн көрсөтөм деп, Батукаев деп жаңылып айтып алыптырмын», -деди ал.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын белгилери тууралуу башкы прокурордун корутундусун бир добуштан колдошту.

Эң көп окулган жаңылыктар