08:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев кайсы мүлктөрүнөн жана кандай сыйлыктарынан ажыратылды (тизме)

Бишкектеги Биринчи май райондук сот экс-президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 ай эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Өлкөнүн мурдакы президенти «Жемкорлук» беренеси боюнча Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугу үчүн күнөөлүү деп табылды.

Соттун өкүмү менен Алмазбек Атамбев төмөнкү мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды:

— II даражадагы «Манас» ордени (мамлекет башчысынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы жарлыгы менен ыйгарылган);

— «Данакер» ордени (2017-жылдын 27-ноябрында сыйланган);

— «Даңк» төш белгиси (1999-жылдын 22-апрелинде сыйланган);

— Номиналдык саат (2011-жылдын 29-ноябрында тартууланган).

Булардан сырткары, соттун чечими менен Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү конфискацияланды:

— 2000-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» автоунаасы;

— 1997-жылга таандык «Митсубиси Паджеро» автоунаасы;

— 1998-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» автоунаасы;

— 1993-жылы чыккан «МАН» автоунаасы;

— 2011-жылы чыккан «BMW X-53» үлгүсүндөгү унаа;

— Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;

— Ысык-Көл районундагы курорттук жер тилкеси;

— Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыты;

— Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилкеси;

— Кой-Таш айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

— Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;

— Кой-Таш айылындагы дарылануу борбору;

— Арашан айылындагы турак жай;

— Арашан айылындагы отургузулган көп жылдык бак-дарактар;

— «Медиа Форум» ААК;

— Бишкектеги эки жер тилкеси;

— Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө жайгашкан имараты;

— «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы;

— Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы толук бүтө элек обьектиси;

— Ысык-Көл районундагы толук бүтө элек обьектиси;

— Ысык-Көл районундагы жер тилкеси;

— «Апрель ТВ» ЖЧК;

— «Апрель» ЖЧК;

— «Канал Ди» ЖЧК;

— «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы;

— Арзандатуу ыйгарылган банктык ячейкалары жана банктардагы эсептик карточкалары: «Кыргызкоммерцбанк», " Кыргызстан Коммерциялык банкы «, «Оптима банк», «Кыргызстан-Швейцария банкы», «Капитал банк», «Аман банк», «АКБ Толубай», РСК Банк, Demir Bank, БТА банк, «Доскредо банк», «Экоисламик банк», «Евразия сактык банкы», » Азия Банк «, «Бакай банк», «Халык банк», Пакистандын Улуттук банкы, Кыпгыз инвестициялык банкы, Финанс кредит банк, Росинбанк, «Бай Түшүм » банкы, «Финка банк», «Чанг ан банк», «Компаньон» банкы.

Алмазбек Атамбаевдин жаза өтөө убакыты- абакта отурган бир күнү эки күн деп эсептелинет.

Эң көп окулган жаңылыктар