21:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Атамбаевдин кол тийбестиги. Башкы прокуратура баардык айыптоолорду колдогон жок

Башкы прокуратура мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын баардык айыптоолорун колдогон жок. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айтты. 

Көзөмөлдөөчү орган депутаттардын 5 эпизоду боюнча корутундусун тастыктады. Башкы прокуратура коюлуп жаткан айыптардан саясий куугунтукту алып салды. Башкы прокурордун айтымында, мурунку мамлекет башчынын айрым кылмыш иштердин козголушуна түз тиешеси болгон эмес.

«Бекболот Талгарбеков, Нариман Түлеевдин аргументтери боюнча башка фактылар Укук бузуулар жана кылмыштар бирдиктүү реестрине катталган. Биз аларды суракка чакырып, беттештирдик. Бирок, алардын аткандары тастыкталган жок. Алмазбек Атамбаевдин буга түздөн түз тиешеси бар экени аныкталган жок», -деди ал.

Өткүрбек Жамшитов Нариман Түлеевди саясий куугунтукка кабылганы тастыкталган жок деди. Ал мурунку мэрге автобустарды сатып алууда тендердин баасын жогорулатып койгондугу боюнча айып тагылганын эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума