16:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мирбек Атабеков «Бай болгом» ырынын эч кимге тиешеси жоктугун айтат

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков «Бай болгом» ырынын расмий акыркы версиясын чыгарды. Ал ырчынын youtube каналына жүктөлдү.

Ал ырдын буга чейин жарыяланып кеткен варианттарынын баарын өчүрүүнү суранат.

«Ырым бүтө электе коомго таркап кеткендиги мени абдан капа кылды. Бул аны таркаткан адамдын абийиринде болсун. Бул ырда эч ким жөнүндө айтылбайт. Тамаша иретинде ачуу чындыкка өзүмдүн жеке көз-карашымды билдирейин дегенмин», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабековдун «Бай болгом» ырын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы ахыбалы менен салыштырууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума