17:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чеченстандын 20 жаштагы эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун ырын ырдады

Чеченстандын эмгек сиңирген артисти Алиса Супронова кыргыз эчтрада ырчысы Мирбек Атабековдун «Мурас» аттуу ырын ырдаган. Ал күйөмандарына түшүнүктүү болуусу үчүн кыргыз жана орус тилинде аткарып өзүнүн баракчаларына жүктөгөн.

Маалым болгондой, Алиса Супроновага бул ырды күйөрмандарынын бири сунуштаган.

Бул ыр коомчулуктун алкоосуна татып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Кыргыздын белгилүү ырчылары «Мурас» ырын орус тилинде аткарса жакшы чыгарын айтышты. Ал эми ырдын ээси Мирбек Атабеков Алиса Супроновага ыраазычылык билдирди.

«Менин ырларымды Кыргызстандан башка өлкөлөрдө ырдагандары мен үчүн чоң сыймык. Дүйнөдө болуп жаткан пандемияга карабастан музыка баадык элдин башын бириктирип жатат. Мен Алисага кыргыз тилинде так ырдагандыгы үчун ыраазымын. Чечен элине сыйымды урматымды билдирем», — дейт Мирбек Атабеков жеке баракчасына ыраазычылыгын билдирүү иретинде.

Эске сала кетсек, Алиса Супронова 20 жашта. Учурда Москванын Санкт-Петербург шаарында жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума