Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Жер титирөө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.