12:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Телефон уурдаганга шектүү делген кош бойлуу аял үй камагына чыгарылды

Чөнтөк телефон уурдаганга шектүү делген кош бойлуу аял үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу 24.kg агенттигине билдирди. 

Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, сот күнөөлүүнүн бир жаштагы баласы бар экенин эске алды. Буга чейин ал № 1 тергөө абагында мурунку прокурор Аида Салянова менен бирге камерада отурганын, Аида Салянованын акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жазганга жардам бергенин жактоочулар билдиришти.