15:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Салянова пневмония менен жабыркайт. Доктурлар аны тергөө абагына которууга каршы

Мурунку прокурор Аида Салянова пневмония менен жабыркайт. Дарыгерлер аны № 1 тергөө абагына которууга тыюу салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Чынара Турдалиева билдирди.

Эске салсак, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө абагына киргизилген болчу. Кийин ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология бөлүмүнө жаткырылган. 

Чынара Турдалиеванын айтымында, учурда Аида Салянова палатага которулду. Маал маалы менен жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырышууда. «Дарыгерлер инфаркт алдындагы абал деген диагноз коюшту. Алар аны клиникада калтырууну сунушташты», -деди ал.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби