08:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депозиттик эсеби жок

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депозиттик эсеби жок. КСДПдан билдиришкендей, Биринчи Май райондук соту коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын ала кабарлабай туруп алууга макулдук берди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, мурунку президенттин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу да жок.

«Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ага да арест коюлган. Сот тиешелүү чечим кабыл алган адамдардын тизмеси бүт туугандардын чөйрөсү болуп чыкты. Тизме ушунчалык одоно түзүлгөндүктөн, анда Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыкты», -деди расмий өкүл.

Тизмеде экс-президентке эч кандай тууганчылыгы жок УКМКнын 9-башкармалыгынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев дагы бар. «Бизге маалым болгондой, анын эч кандай депозиттик эсеби, банктык кутусу да болгон эмес», -деп кошумчалады ал. .

Эң көп окулган жаңылыктар