20:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Аскер прокуратурасына чакыртылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, көзөмөл органында Канат Сагымбаев менен анын кесиптеши бетме-бет кездештирилет.

«Канат Сагымбаев менен анын кесиптешинин көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар. Экөө тең күбө катары өтүүдө. Тергөөчүнүн процедуралык суроолору бар, ошондуктан Канат Сагымбаевди чакыртышты», -деди жактоочу.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Эң көп окулган жаңылыктар