02:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаевдин иши. Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп жатат

Бишкекте мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операцияда каза болгон «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп жатат. Бул тууралуу Болот Темиров Фейсбукка жазды. 

Анын айтымында, коштошуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев келди.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар