17:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу: Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбекти суракка чакырышты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбекти суракка чакырышты. Маалыматты 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев тастыктады.

Айтымында, учурда Сейитбек Атамбаев ИИМдин имаратында кармалууда. Бирок, анын кандай иш боюнча суракка чакырылганын жактоочу билбейт.

Эске салсак, экс-депутат Равшан Жээнбеков дагы ИИМдин сурагына келди. Ал Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча сурак берүүдө.

Кой-Таштагы окуя боюнча сурак берүүгө Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина чакырылган.

Эске салсак, Кой-Таштагы мурунку президенттин үйүндө күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышып, бир канча киши жабыркаган. Анда 1 киши октон каза таап, дагы бири оор абалда комада жатат. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын 6 кишисин барымтага алып, аларды кечээ кое беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар