16:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз феминизми, ЛГБТ жана үй-бүлө институтун ким бузууда

Аялдардын укугу — коомдо кызуу талкууга алынган темалардан. Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу менен жанданган аялдардын укугу үчүн күрөш, андан бери бир кылым карыса дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Кыргыз кыз-келиндери бүгүнкү күндө дагы мамлекеттик башкаруудагы, саясаттагы ордун эле эмес, үй-бүлөдө, күнүмдүк турмуштагы эркиндигин да талашууга аргасыз. Анткени, жогорку билимдүү болуп, ар кандай ишти аркалап, акча тапканы менен жасалма каадаларга жамынган айрым үй-бүлөлөрдөгү орду өзгөрүүсүз калууда.

Бул боюнча «Бишкек феминисттик демилгелер» бирикмесинде ыктыярчысы Мира Токушева 24.kg агенттигине ыймандай сыры менен бөлүштү.

— Азыркы учурда аялдар эркектерден кем калышпай каалаган жумушта иштеп, бирдей маяна алып жатат. Дагы эмне жетишпейт?

— Ооба, бизге көйгөлөрүңөр жок, эркектер сыяктуу иштеп, алар алган айлыкты аласыңар дешет. Бирок, кыздарды ала качып кетип жатпайбы?! Кыз киши —биринчиден тирүү адам. Анын турмушка чыкпайм деп баш тартканга укугу бар. Ала качкан үйдө кыз бир күн түнөп калса, ага көө жабылат. Бурулайдын окуясы биздин кыймылга гана эмес, көп аялга таасирин берди. Көпчүлүк өз укуктарын коргоо үчүн күрөшүүгө тийиш экенин билишти. Анткени алардын (зордук-зомбулукка кабылган, ала качуунун курмандыктары болгондордун) укуктарын өздөрүнөн башка эч ким коргоп чыкпайт. Мындан улам, баарыбыз бирге кошулуп, ачык айтып чыктык.

Феминисттерди бактысыз аялдар дегенге кошулбайм. Биздин арабызда үй-бүлөөсү, иштеген иши бар бактылуу аялдар бар. Алар бул ийгиликтерге өз каалоосу, эрки менен жетишти. Ар кандай тоскоолдуктарга, туугандары, жакындарынын кысымына каршы тура алды. Биз стереотиптерди бузганга аракет кылуудабыз.

— Сиз бул кыймылга кантип кошулуп калдыңыз? Мүмкүн үй-бүлөлүк себептер түрткү болдубу?

— Мен дагы 19 жашымда турмушка чыккам. Анткени тегерегим «кыздар эрте турмушка чыгышы керек, кара далы болуп каласың» деп кысым кылышкан. Ал кезде феминизм тууралуу түшүнүгүм, аялдардын укугу бар экени оюма да келген эмес.

3 жылдан бери «Бишкек феминисттик демилгелер» бирикмесинде ыктыярчы болуп иштейм. Азыркыга чейин феминизм жаатында билим алып келем. Бул кыймылга кошулуп калуума тагдырым түрткү болду. Мен үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылгам, акыры ажырашып тындык. Андан кийин депрессияга тушуктум.

Ажырашууга өзүмдү айыптап, жан дүйнөмдү «жакшы аял боло алган жокмун» деген сыяктуу суроолор, «сулуу эмесмин» деген комплекстер жеди.

Кийин «Кыргыз Индиго» деген укук коргоочу уюмуна кошулуп, көп нерсеге көзүм ачылды.

— Сиздерди сындагандардын арасында аялдар дагы бар...

— Ооба, эркектер менен аялдар дагы бирдей сындайт. Кээ бир курбу кыздарым «ушунуңду койсоңчу, феминизмди таштап, тынч жашай берчи» дешет. Туугандарым, айрыкча апам менен уулум биринчиден менин коопсуздугумду ойлоп кабатыр болушат. Бирок, азыр экөө тең мени колдоп калышты. 

Мен эмнеден коркушум керек? Кылмыш кылып атамбы? Болгону аялдардын укугу үчүн күрөшүп атам. Аялдарды өлтүрбөсүн, зордуктабасын.

— Эркектер дагы феминист боло алышабы?

— Феминизмди жактаган мырзалар бар, аларды профеминист деп коет. Алар дагы аялдардын жана эркектердин тең укукта болушун колдошот.

Биздин кыймылда ар кандай тагдырлар менен келгендер бар. Мында сөзсүз эле күйөөсүнөн таяк жеп, ажырашып келгендер эмес. Сырттан бактылуу көрүнгөн, ызы-чуусу жок үй-бүлөдө жашап жаткан аялдар да бар. Бирок, алар өздөрү аял гана эмес, тилектерин орундата ала турган адам катары да сезиши керек. 

— Биздин коомдо патриархат күч. Миң билимдүү мырзалар дагы аялдарынын баш ийип туруусун каалайт.  Бул үй-бүлө очогунун бузулушуна алып келбейби? 

— Мен бирөөгө буйрук бергенге, башка үй-бүлөгө аралашканга укугум жок. Ар бир адамдын өзүнүн тандоосу бар. Менин жеке баамымда, аял киши күнүмдүк көр оокатты өзү жалгыз жасап жүрүп, бир күнү чарчайт, акыры тажайт. 

Бала-бакырасын карап, алардын түйшүгүн, кайын журтунун түйшүгүн көтөрүп, ага кошумча жумушта иштегени оор келиши мүмкүн. Күйөөсүнө, туугандарына бул маселени айтат. Балким, күйөөсү колдоо көрсөткөндүн ордуна аны сабап, сөгүп, шылдыңдашы мүмкүн.

Мира Токушева
Балким, ушундан улам үй-бүлө бузулуп жаткандыр. Аялдарга физикалык жактан зордук-зомбулук эле эмес, психологиялык кысым болгондо (керектүү муктаждыктарына ээ боло албайт, кийим-кечек сатып ала албайт, курбулары менен кезиге албайт жана башка себептер) да чүнчүшөт.

Мында билим чоң роль ойнот. Айрыкча айыл жеринде мектепти бүтөөрү менен турмушка чыккан кыздар көп азап чегишет. Жаңы турмушка чыкканда качан төрөйт экен деп аңдып, бир жылга чейин төрөбөсө, оорулуу кишиге чыгарат. Эркек төрөбөсө кууп жибергендер болот. Себи жок келген келин да басмырлоого учурайт. Ушул нерселер бактысыздыкка, ажырашууга себеп болгон жокпу? 

Феминисттердин катарына кошулбаган, анын эмне экенин билбеген айылдардагы келиндер арасында ажырашуу азбы?

— Сиздин дарекке айтылган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коркпойсузбу?

— Буга чейинки жүрүштөргө эч ким асылбай, сын таккан эмес. Быйыл эле «Кырк чоро» сын айтып чыкты. Мага корукутуп-үркүтүүлөр көчөдөн болгон эмес, телеканалдардын бириндеги түз эфир маалында бирикменин төрагасы Замирбек Көчөрбаев «кайда жашаганыңды билем, башка мамлекетке кетип кал» деди. Мен эмнеге Кыргызстандан кетишим керек? Өз өлкөмдөн кетким келбейт.  

Замирбек Көчөрбаевге карата милицияга арыз таштагам, бирок кылмыш курамы жок деген билдирүү келди. Эми дагы кайрылам. 

— Ушул жерден тактай кетейин. Сиз өзүңүз дагы сексуалдык азчылыктын катарындасызбы?

— Мен өзүм ЛГБТнын мүчөсүмүн. Ооба, биз барбыз, жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө бар. Статистикага таянсак, жалпы калктын санынын 2 пайызын ЛГБТ түзөт. Алар дагы турак жай укугуна, билим алууга, иштөөгө укуктуу, бирок коомчулук тарабынан дискриминацияга туш болушат.

Негизи мындай адамдар мурунтан бар болгонун 17-18-кылымдагы ташка чегилген сүрөттөрдөн билсек болот. Мисалы, бир ата-энеден 5 бала төрөлсө, бешөө таптакыр беш башка төрөлөт. Дене түзүлүшү, ой-жүгүртүүсү, мүнөзү ар башка дегендей. Ошол сыяктуу эле адамдар да ар башка, бири-бирине окшобойт. Жыныстык ориентация дагы ошондой. Бул менин жеке көз карашым.

— Ушул сексуалдык азчылык менен феминизмдин аралышышы, феминизмди дискредитациялап, башкы идеяларынан алыстатпайбы? Же ЛГБТ феминизмге жамынып, укуктарын талап кылган жокпу?

— Жок, эч кандай дискредитациялоо болгон жок. Анткени, биз бир пикирдебиз, билдирүүлөрүбүз бир. Мында адам укуктары тебеленип, Баш мыйзам боюнча аткарылбай жатат. ЛГБТ феминизмге жамынган жок, аялдардын укугу менен ЛГБТнын укугу басмырланып, экөөнө тең дискриминация болууда.

ЛГБТ тубаса болот, эл кабыл албагандыктан алар суицидге көп барышат. Биринчиден ата-энелери кабыл албайт, үйдөн кууп чыгышат. Акыры алар жаап-жашырат, коомдон корунат, бекинишет. Бирок, ачык айткандар бар, алар аздап саналат. КМШда Кыргызстан боюнча лесбиянка экенимди ачык айткан мен жалгыз аялмын. Мен ачык жүрөм, жашыра тургандай эч нерсем жок.

Кээ бир өлкөлөдө бул үчүн өлүм жазасы каралган, айрым мамлекеттерде уруксат берилген.  

Уулум башында жакшы кабыл алган жок, бирок убакыттын өтүшү менен макул болду... Апам болсо «өзүң билесиң, чоң эле аялсың, 15 жашта болсон балким башкача сүйлөшмөкпүз», — деди.

Мира Токушева
— Сиз ЛГБТны коомчулук кабыл алып, укуктары корголо турган күн келээр дедиңиз, анда калктын санынын көбөйүшүнө тескери таасирин бербейби?

— Таасир бербейт, анткени ЛГБТ болгону дүйнө элинин 2 пайызы гана, калган 98 пайыз калк ошондой эле үйлөнүп, балалуу боло берет.

Эң көп окулган жаңылыктар