23:13
USD 76.91
EUR 90.70
RUB 1.05

Германияда Кыргызстандан алынып келинген жарым тоннадан ашуун героин табылды

Германияда Кыргызстандан алынып келинген жарым тоннадан ашуун героин табылды. Баңгизат түрк балы деп катталып, жүк ташуучу унаага катылган. 

24.kg агенттигине маалым болгондой, бүгүн Кыргызстандын ИИМге «Элит Шоко» кондитердик цехинин ээси Аида Жолдошева суракка чыкырылды.

Эске салсак, кечээ немец-польша чек арасында 670 килограмм салмактагы баңгизаттын ири партиясы кармалган. Баңгизат Кыргызстанда чыгарылган түрк таттуулары деп ташылып кеткен.

Документте «Элит Шоко» ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Компания Бишкектеги Шевченко көчөсүндө жайгашкан. 

Айдоочунун аты белгилүү болду, ал Түркиянын жараны Озон Сулейман болуп чыкты. Маалыматка караганда, ал көп жылдан бери Кыргызстанда жашайт.