08:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кара-Балта шаарында энеси менен баласын өлтүрүп кетишти

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эне-баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын үйлөрүнүн биринен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелери табылган. 

«Адам өлтүрүү» менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталып, 53 жаштагы М.С. жана 31 жаштагы М.А. энеси жана уулу экени белгилүү болгон.

Учурда ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерде иш алып барышып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар