03:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда жеке пенсияны 2 миң 300 киши алат

Кыргызстанда жеке пенсияны 2 миң 300 киши алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Исраилов билдирди. Ушул жылдын 1-январында республикада пенсия алуучулардын саны 651, 2 миң кишини түздү.

Аларга жалпы суммасы 3 миллиард 800 миллион сом каралган.

«Ай сайын пенсиялык төлөмдөр 300 миллион сомго өсүүдө», -деди Медер Исраилов.

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 20 миң сомдон өйдө. Аны пенсия курагындагы кишилерди 0,2 пайызы алат. Пенсиянын орточо көлөмү −5 миң 404 сом, ал эми эң төмөнкү пенсия −2 миң сом.

«Жеке пенсиянын көлөмү 38 миң сомго чейин. Аны 2 миң 300 киши алат. Алар ар тармакта эмгек сиңирген ишмерлер, баатырлар жана сыйлык ээлери. Бирок, 2015-жылдан бери жеке пенсияга чыгаруу токтотулган», -деди Медер Исраилов.

Эң көп окулган жаңылыктар