14:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кошумча жалпы республикалык тестирлөө 22-23-июнь күндөрү өтөт

Кошумча жалпы республикалык тестирлөө 22-23-июнь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖРТ тапшыруу үчүн 20-июнга чейин каттоодон өтүш керек. Бишкекте № 24 мектеп-гимназияда, Ошто шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоо жүрөт.

Каттоого быйылкы ЖРТга катышпай калгандар катышууга укуктуу. Эгер абитуриент быйыл ЖРТга катталып, бирок кандайдыр бир себептен катышпай калган болсо, анда каттоо номерин алып мурунку катталган жерине барып кайрадан өтүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар