07:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз-шоу бизнесин гана эмес, казактарды да кийинткен баткендик жигит

Баткен облусунан чыккан Арзубек Аманов акыркы 2 жылдан бери дизайнерлик чөйрөгө аралашып, шоу-бизнес өкүлдөрү менен камыр-жумур болуп кетти. Анын жараткан кийимдери жеке эле Кыргызстанда гана эмес, коңшу Казакстанда да жогорку суроо-талапка ээ.

Өнөр ээси жакынкы аралыкта Орусия жана Өзбекстан менен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга белсенип жатканын айтат. 

— Сиздин колдон жаралган кийимдер Кыргызстан менен Казакстандын шоу-бизнес өкүлдөрүн багындырды, дагы башка чет өлкөлөр менен иштешүүгө сунуштар түшүп жатабы?

— Дизайнерлик чөйрөгө аралашканыма 2 жыл болсо, анын биринчи жылын атымды чыгаруу, тажрыйба топтоо үчүн короттум. Кийинки жылы гана чыныгы кесипкөй катары иштеп баштадым. Кыргызстандагы ырчылар менен иштешип, дээрлик 80 пайызын багындыргандан кийин, Казакстандык ырчыларга өтүүнү туура көрдүм. Алардан дагы жакшы пикирлерди угуп жатам.

Анын үстүнө эки өлкөнүн ырчыларынын табити окшош эле, болгону казактар талапты катуурак коет экен.

Орусиядан, Өзбекстандан сунуштар түшүп жатат, жакын аралыкта жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз деген пландар бар. 

— Дизайнерлик кесиптин аркасы менен кандай пайда таптыңыз? Чет жерге көргөзмө уюштурдуңузбу?

— Негизи бул кесиптин аркасы менен жакшы пайда тапса болот. Бул кесипти тандаганыма өтө кубанычтамын, өзүмдүн брендимди түптөй алдым.

— Кыргызстандык шоу-бизнес өкүлдөрүнөн Анжелика, Гүлнур Сатылганова менен тыгыз иштешесиз, аларга канча көйнөк тигип бердиңиз? Дагы кимдер менен иштешесиз?

— Канча көйнөк тиккенимди санап көргөн эмесмин. 2 жыл ичинде тынымсыз иштеп, бир топ форма тиктик. 

Ырчылар Асел Кадырбекова, Сайкал Садыбакасова, Мирбек Атабеков, Омар, Арсен жана башка атактуулардын образдарын жаратканбыз.

— Эң биринчи жолу кимдин заказын алып, кийим тиккенсиз?

— Биринчи заказды Анжелика Кайратова берген. Андан кийин жакшы пикирлер айтылып, сунуш түшүп баштады. 

— Канча жашыңызда колуңузга ийне, жип кармагансыз? Бул өнөр кимден берилген? Үйдө сизден башка тикмечи, бычмачылар барбы?

— Бул кесипти бала чактан бер эңсеп келгем деп айта албайм. Себеби, 11-классты бүткөндө Кыргызстанга керектүү, сейрек кездешүүчү кесиптин ээси болгум келип, ушуну тандагам. Кичинемде кол өнөрчүлүккө эч кандай тиешем жок болчу. Чынын айтсам, үй-бүлөмдө тиге турган киши жок.

— Бул иш көбүнчө кыздарга ылайыктуу деп пикирин билдиргендер болобу?

— Бул пикирге кошулбайм. Эң башкысы кесибим өзүмө жагат. 

Дүйнөнүн менмин деген дизейнерлери, менмин деген искусство чеберлери —булар мырзалар. Анын үстүнө жигиттер тигүү, бычуу жагынан кыздардан мыктыраак.

Бул кесипти эч кандай тоскоолдуксуз тандагам. Себеби, мен биринчилерден болуп дүйнө жүзүндө бул кесипти тандап жаткан жокмун. 

 — Сиздин ательеде канча киши эмгектенет? Кийимдердин баасы кандай?

— Жалпы 10 киши эмгектенет. Кийимдерибиз карапайым элге дагы, атактуу, акчалуу кишилердин чөнтөгүнө дагы ылайыктуу. Себеби, мен жогорку сапаттагы материал менен кымбатыраак кийимдерди дагы, ыңгайлуу, бирок, калкка жеткиликтүү баадагыларды дагы тигебиз. 

Азыр моданы түшүнгөндөр, саркеч кийингендер көбөйдү. Аны менен өзгөчө образ жаратып, айткан кийимин тигип бере ала турган дизайнерлердин саны өстү. Бул жакшы көрүнүш.

— «Элде жок» деген бренд Кыргызстандагы шоу-бизнестин 95 пайызын биз кийинтебиз дейт, сиз канча пайызын кийинтесиз?

— «Элде жоктун» дизайнери Ани деген кыз. Аталган бренд мен чыккандан кийин пайда болду. Алардын кийгизген кийимдери, тандаган , жараткан стили башка, бул тууралуу эч нерсе дей албайм. Мени жактаган, барктаган кардарларым бар. Шоу-бизнес өкүлдөрү үчүн жараткан ар бир образым жакшы баага татып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар