18:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аида Салянованын туугандары Улуттук кардиология борборуна жаткырууну суранышты

Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу жана туугандары аны Улуттук кардиология борборуна жаткырууну суранышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аида Салянованын эжеси Чинара Турдалиева билдирди. 

Айтымында, кечээ № 1 тергөө абагында жаткан мурунку башкы прокурорго 2 жолу тез жардам чакырылган. «Аны ооруканага алып кетиши керек эле, ал оор абалда. Бирок, аны камерага калтырып коюшту», -деди ал.

МЖАКтан билдиришкендей, Аида Салянованы дарыгерлер көрсөтмө бергенден кийин дарыланууга жиберишет. Аны ооруканага жаткыруудан эч ким баш тарткан эмес.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар