22:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутаттар Аида Салянованын укугун коргоону талап кылышууда

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Жогорку Кеңештин төрагасына Аида Салянованын укугун коргоо талабы менен кайрылышты. Бул тууралуу отурумда Алмамбет Шыкмаматов жана Каныбек Иманалиев билдиришти. 

Алмамбет Шыкмаматов кечээ «Ата Мекенчилер» № 1 тергөө абагына барып, Аида Салянова менен кезиккенин айтты.

«Аида Салянова абакта анын бир тууганын өлтүрүүгө катыштыгы бар делген киши менен бирге отурат. Бул басым деп эсептеймин. Мындан тышкары мыйзам боюнча башкы прокурорду № 1 тергөө абагында эмес, УКМКнын тергөө абагына кармаш керек. Төрага-бул мамлекетте экинчи киши. Сиз анын укугун коргоп, чара көрүшүңүз керек. Салянова көбүнө жакпайт, бирок маселе анда эмес, маселе мыйзамдуулукта», -деди ал.

Депутат Каныбек Иманалиев кесиптешин колдоду. Ал 6 жылда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна кимдердин катыштыгы бар экенин баары жакшы билээрин эскертти.

Депутат Жанар Акаев дагы айтылгандарга кошулуп, кубаттады. Ал Аида Салянованы камакта калтырууга кереги жок, качып кетпейт деди.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановмурунку башкы прокурор Аида Салянова камакка алынды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар