05:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалпы республикалык тестирлөөнүн чектик баллы өзгөргөн жок

Жалпы республикалык тестирлөөнүн чектик баллы өзгөргөн жок. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Жогорку окуу жайлардагы бюджеттик жана контракттык орундарга өтүү үчүн коюлган чек төмөндөтүлдү.

Тесттин жыйынтыгында негизги тапшырмалардан 110 балл, кошумчадан 60 топтой алгандар гана университеттерге тапшыра алышат.

2018-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча орточо балл 119,4 баллды түздү. 26 миң 180 бүтүрүүчүнүн 57 пайызы тесттен өтүп, ЖОЖго тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар