09:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ШКУ саммитине 11 өлкөнүн башчысы келет

Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке 11 өлкөнүн башчысы келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

«Саммитке Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын башчылары келет деп пландап жатабыз. Мындан тышкары, байкоочу мамлекеттерден Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери», — келет деди ал.

Жыйындын соңунда 20га жакын биргелешкен документке кол коюлат.

Саммит 14-июнда өтөт, 13-июнда кечинде коноктор үчүн гала-концерт жана көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар