02:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткен облусунда алдамчылыкка шектелген тургун кармалды

Баткен облусунда алдамчылыкка шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, май айынын башында ички иштер органдарына Баткен облусунун жашоочусу кайрылып, алдамчылык жолу менен материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Арызда 2018-жылы жогоруда көрсөтүлгөн жаран жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, жалпы суммасы 76 миң сомдук алтын жасалгаларын алып, андан соң азаркы күнгө чейин изин жашырып жүргөндүгүн билдирген.

Андан сырткары, ички иштер органдарына Кадамжай районунун жашоочусу алдамчылык фактысы боюнча мыйзамдуу чараларды көрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арызда, 2014-жылы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен жабырлануучунун 350 миң сомдук акча каражатын алып, ушул күнгө чейин акчадан дагы жок же товардан дагы жок экендигин көрсөткөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга шектелип Кадамжай районунун жашоочусу, 1963-жылы туулган З.А. аттуу жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар