00:39
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Ысык-Көлдө 2 бала эски муздаткычтын ичинде камалып калып, каза болду

Түп районуна караштуу Михайловка айылында 2 бала эски муздаткычтын ичинде камалып калып, каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти.

Окуя 3-июнда болгон.

«6 жана 4 жаштагы балдар короодо ойноп жатышкан. Ата-энелери балдардын үнү чыкпай калганда, издеп башташкан. Балдар саат кечки 5те табылган, бирок бул убакта алар каза болуп калган. Муздаткыч ичинен ачылбай, аба жетпей жан беришкен», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар