00:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Аида Салянованы зыярат кылат

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилген Аида Салянованы зыярат кылуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кечээ ал Аида Салянованын ооруп жатканын интернеттен окуп, кызматкерлерди бүгүн жөнөтүүнү туура көргөн. Бирок, ага жактоочулар дагы , туугандары дагы расмий түрдө кайрылышкан эмес.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бергенден кийин 48 саатка кармалды.

2013-жылы убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынын бошотулса, айрымдары кызматынан көтөрүлгөн. 

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар