20:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дарыгерлер Аида Саляновага жүрөгүнө операция жасатууну сунушташууда

Улуттук кардиологиялык борбордун дарыгерлери мурунку прокурор Аида Саляновага жүрөгүнө операция жасатууну сунушташууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Чынара Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, Аида Салянова мурунку жумада ооруканадан чыккан. Консилиумда бейтапты операцияга жөнөтүү чечими кабыл алынган.

«Бирок, Аида Салянова качан жана кайда операция боло турганы чечиле элек. Алдыда Жогорку сотто Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу тууралуу кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо турат. Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу материал өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Алгач буларды териштирип алуу керек, бирок дарыгерлер операциянын мөөнөтүн узартууга болбой тургандыктарын эскертишүүдө», -деди ал.

Буга чейин мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кимге кандай айып тагылганын Башкы прокуратурадан билдиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага, аталган борбордун башчысы Абдухалим Раимжановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага, министрликтин өкүлү Канатбек Бектемировго, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Акыл Асановго, дарыгери Фархад Атаходжаевге, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору Майрамбек Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевге, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси Мурат Бекеновго, мурдагы Вице-премьер министри Шамил Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго, жактоочу Али Касымовго, Коопсуздук кеңешинин катчысы БусурманкулТабалдиевге коррупция, кызматтык жасалмачылык, документтерди жасалмасы беренелери боюнча сот тарабынан

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге карата коррупцияны уюштуруу беренеси боюнча тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө, Ирина Цопова, Калыбек Качкыналиев, Аида Салянова, Мурат Бекенов, Жапар Эрматов, Али Касымов жана Алмазбек Атамбаев сот тарабынан камакка алынышкан, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан, бөгөт коюу чаралары катары үй камактары тандалып алынган.

Ал эми, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге карата издөө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар