10:00
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

КСДП 8-июнда митингге чыгат

КСДП 8-июнда митингге чыгат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий уюмдун төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, тынчтык митинги «Форум» имаратынын алдында өтөт.

Митингде айрым талаптар айтылат. Алардын арасында Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу ишке катыштыгы бар делген мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду боштондукка чыгаруу, мурунку мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштерин токтотуу бар. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын тогузунчу кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевди бошотууну талап кылышат.

Алмазбек Атамбаев митингге өзү катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар