15:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Жал» кичи районунда жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын ээлери митингге чыгышты

Бишкек мэриясынын алдында «Жал» кичи районунда жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын кожоюндары митингге чыгышты.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, аталган жер 1998-жылдан баштап колдон колго өтүп кайра сатылып келген. Унаа токтотуучу жайдын ээлерине өз убагында ижара келишимин түзгөнгө мүмкүндүк берген эмес. «Эми жаңы кожоюн пайда болуп, гараж кооперативин тороп алды. Ал жакта биздин мүлктөр, унааларыбыз бар», -дешет нааразы жак.

Алар шаар бийлигинен аталган участокту ала турган болсо, кенемте төлөп берүүнү талап кылышууда.

Шаар башчынын кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев митингге чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. «2001-жылы шаардык муниципалитеттин токтому чыккан, анда аталган жер аянты курулушка берилгени айтылат. 18 жылдан бери териштирүү иштери уланып келет. «Жалал-Абад» деген бир компания жер аянтын башка фирмага саткан экен, азыр жердин ээси «РДК групп» болуп эсептелет. Компания гараж ээлерин кандайдыр бир иштер болот деп алдын ала эскертиши керек эле, бирок аны айткан эмес», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар