11:37
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Лейлекте 20 жылдыкка карата айылдашына үй салып беришти

Лейлектин Чимген айылынын тургундары мектепти бүтүрүүсүнүн 20 жылдыгына карата айылдашына үй салып беришти. Бул тууралуу демилгечилердин бири Марс Сатаров билдирди.

Анын айтымында, үйдүн курулушуна акчаны классташтар топтошкон.

«Биздин айылда 10 жылдык, 20 жылдыкка карата мектепке жана айылга жардам берүү салты бар. Биз балдар өзүбүздүн айылдашыбызга үй куруп берели деп чечтик. Бул үй-бүлөдө күйөөсү аялы менен майып. Азыр дагы бир үйдүн курулушуна акча топтоп койдук. Жакында классташыбыз каза болуп, артында 3 баласы калган. Аларга да үй курабыз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар