14:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда Бүткүл дүйнөлүк мушташ өнөрлөрү боюнча мелдеш өтөт

Казакстан 2021-жылы Бүткүл дүйнөлүк мушташ өнөрлөрү боюнча «СпортАккорд» мелдешин өткөрөт. Мындай чечим Австралиянын Голд-Кост шаарында «Спорт-Аккорд» оюндарынын уюштуруучулары тарабынан кабыл алынды.

Келишимге Мушташ өнөрлөрү ассоциациясынын президенти Фархад Аманкулов жана Эл аралык спорт федерацияларынын глобалдык ассоциациясынын президенти Рафаэль Чиулли кол койду.

План боюнча оюн 2021-жылы 3-9-май аралыгында өтөт. Оюндардын программасында бокс, күрөш, дзюдо, фехтование, айкидо, каратэ, кикбоксинг, самбо, тай боксу, таэквондо, ушу бар. Мелдеш башталганга жарым жыл калганда Казакстандын бардык 14 аймагында фестивалдар башталышы керек.

Бүткүл дүйнөлүк мушташ өнөрлөрү мелдеши 2010-жылы башталган. Биринчи жолу Бээжинде, 2013-жылы Санкт-Петербургда өткөн. Бул сапар — 2019-жылы Тайбэйде болот. 2013-жылы казакстандык спортчулар эки коло медаль утуп алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар