03:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусиянын Ржев аймагына Ата-Мекендик согушта каза болгондорго эстелик тургузулат

Россиянын Тверь облусунун Ржев аймагына Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде каза болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузуу маселесин Москвадагы мекендештер менен биргелешип тургузуу боюнча демилге-сунушун киргизилди. Сунушту Москвадагы Улуттар үйүндө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов, кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери, активдери жана мекендештер менен биринчи жолугушуусунда көтөрүп чыкты.

Айтымында, эки элдин ортосундагы тарыхый мурастарды сактоо үчүн сунуш көтөрүлдү. Муну диаспоралык уюмдардын активдери бир добуштан колдошту.

Маалыматка караганда, элчиликтин кызматкерлери жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо багыты боюнча консулдук ишмердүүлүгү жана элчиликтин укуктук ишмердүүлүгү, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин мындан ары күчөтүү аракеттери тууралуу кеңири маалымат беришти.

Андан ары жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланып, 25тен ашуун катышуучу «жүк 200» жеткирүү үчүн каражаттын төлөнүшү, мектеп жана бала бакча жашындагы балдардын Россия жергесинде билим алуусу, авиа жана темир жол билеттеринин баасын төмөндөтүү, Россия жергесине чыгып жаткан эмгек мигранттарынын жашоосун камсыздандыруу тууралуу суроо-сунуштарын айтуу менен тийиштүү жоопторун алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума