Баш калаада «Бишкектин ардактуу атуулу» наамын ыйгарышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14 жаранга «шаардын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн» наам ыйгарылды. Алардын арасында билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, курулуш жана радио-теле жаатында эмгек сиңирген кызматкерлер, БШКнын депутаттары бар.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленүүдө.