15:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек шаарына 141 жыл. Эмен багында майрамдык иш-чара өтүүдө

Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата баш калаанын Эмен багында майрамдык иш-чара өтүүдө. Ага шаардыктар жана меймандары чакырылган. 

Иш-чаранын жүрүшүндө келген меймандар үчүн концерттик программа тартууланды. 

Бул күнү буга чейин мектеп окуучулары арасында жарыяланган эң мыкты сүрөт, эң мыкты шаардын макети жана башка сынактардын жыйынтыгы чыгарылды. 

Шаар күнүнүн алкагында 50 жыл бирге түтүн булатышкан жубайлар чакырылган. Алар музыканын коштоосунда ак бийге түшүштү. 

Эске салсак, бүгүн борбор калаанын ар кайсыл аймагында маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар