14:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

«Түндүкэлектр» ишканасынын РЭС бөлүмүнүн жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка таянсак, буга чейин Каржы полициясына аткаминер кызмат абалынан пайдаланып, 50 миң сом талап кылып жаткандыгын айтып бир жаран кайрылган.

«Акчаны техникалык шарттарды жөндөө үчүн документ алууга талап кылган. Алгач ал 27-мартта беш миң, андан эки күн өткөн соң 10 миң сом алган. Ал эми 26-апрелде дагы 35 миң сом алууга ниеттенип жатканда Каржы полициясы көзөмөлдөп, видео, фотого тартып алган», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар