07:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визити менен келет

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет. Бул туурасында президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду.

«Өткөн жылы сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым,» — деп белгиледи Си Цзиньпинь.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге КЭРге «Бир алкак — бир жол» форумуна жана "Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019 көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар