Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 10 миллион сомго 5 унаа сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Унаалар ак түстө болушу керек. Ошондой эле 2019 жылдан мурун чыгарылган болбошу зарыл.
Ар бир унаага 1 миллион 990 миң сомдон бөлүнөт.