11:42
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Караколдун милициясы жоголгон 3 кызды таап, ата-энесине кайтарып берди

Караколдо милиция жоголгон 3 кызды тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-апрель түнү ОИИББнын баардык жеке курамы жоголгон балдарды издөөгө алышкан.

«Балдардын ата-энелери арыз менен кечки саат 9да кайрылышкан. Маалыматка таянсак, кыздар ошол күнү эртең менен мектепке кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес. Алгач ата-энелер кыздарын өздөрү табууну чечишкен, бирок майнап чыкпай милицияга айтууга туура келген», -деп билдиришти ОИИББдан. 

Милиция токой аймактарын, короо жайларды жана чарбалык курулуш аймактарын кыдырып чыгышкан. Жыйынтыгында кыздарды эс алуу жайдан табышкан. Алар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар