USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Издөөгө алынган Кадырбек Досонов өзү УКМКга келди

10:07, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Издөөгө алынган Кадырбек Досонов өзү УКМКга келди. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Кадырбек Досоновду тергөө абагына киргизилди. Бүгүн анын баш коргоо чарасы аныкталат.

«Ага жер тилкесин басып алуу айыбы тагылууда. Досоновдун аялынын дубалы башка тилкеге өтүп кетиптир. Адатта мындай иштерде эскертүү берилип, мэрия тарабынан эле чечилет», — дейт Назгүл Сүйүнбаева.

Кечээ УКМК Кадырбек Досоновдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын изделип жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кадырбек Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө айыпталган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18