20:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Ордо» партиясынын лидери жоголду. Жубайы аны издөөнү токтотууну суранды

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияиров 28-ноябрдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын партиялаштары билдирди.

Алардын айтымында, Мирбек Мияров шайлоо күнү № 44 мектептен добуш берип, унаасына түшүп кеткенден бойдон дайынсыз. Телефону өчүрүлүп, байланышка чыккан эмес.

Бүгүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Мирбек Мияровдун жубайы милициядан күйөөсүн издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдиргенин кабарлады.

Эң көп окулган жаңылыктар