«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 19 байкоочу камера чет жактарга орнотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Вега» компаниясынан билдиришти.
Учурда камераларды орнотуу иштери уланууда. Жумуш 24-апрелде аяктайт. Андан соң комиссия ишти качан баштай турганын чечет.
Камералар орнотула турган жайлар:
— Пригородное айылында, 9-чакырымда;
— Достук айылына бурулган жерде,
— «Манас» аба майданына бараткан жолдо, 13-чакырымда;
— Ак-Жол айылында,
— Манас айылынын борборунда
— Манас айылындагы «Ак-Жол» май куючу жайда,
Ошондой эле «Манас» аба майданында , Ленин айылынын айрым көчөлөрүндө, Токмок шаарында, Сайлык, Чым-Коргон, Искра, Жаңы-Алыш, Алга айылдарында жана Кемин шаарчасында камера иштеп баштайт.