15:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Быйыл өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6 пайызга азайды

2018-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, былтыр алгачкы үч ай аралыгында 39 өзгөчө кырдаал катталса, бул жылы үчөө катталды.

Ошондой эле кырсыктын айынан келтирилген чыгымдар да азайган. Өткөн жылы 229 миллион 393, 8 миң сом чыгым келтирилсе, быйыл 5 миллион 20,6 миң сом чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар