Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берүү чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Батыш-2» суу тосмосунда оңдоо иштери болгондуктан, муздак суу саат 9дан кечки алтыга чейин Фучик, Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектиси менен кесилген аймактарда чектелет.
Мэрия жарандардан сууну мол камдап алууну суранат.