13:57
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

14-майда Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

Эртең, 14-майда борбордун түштүк-батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, алты бурама тээкти алмаштырат.

Суу саат 9:00дөн 23:00гө чейин Ахунбаев, Поваринская, Серафимович, Садырбаев көчөлөрүндө, «Жал-15» кичи району, 30 дарегинде өчүрүлөт.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы


«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар