20-февралда Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү аймактары:
«Мурас-Ордо» турак жай комплекси саат 9.00дөн 15.00гө чейин;
«Калыс-Ордо» турак-жай комплекси саат 9.00дөн 18.00гө чейин.
Өчүрүү жогоруда аталган конуштардагы суу алгычтарды жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.
Бишкек мэриясы «Бишкексууканал» ишканасынын келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.