17:06
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Эртең Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

Эртең, 22-майда борбордун түштүк-чыгыш бөлүгүндө муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Сельский» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзөт.

Саат 9:00дөн 20:00гө «Тунгуч» кичирайонунда, «Рухий Мурас» жана «44 га» конуштарында суу болбойт.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы


«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар