USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт

13:29, 16 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 17-майда борбор калаанын айрым райондорунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Суу саат 9:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • Аламүдүн суусу — темир жол тилкеси — 7-апрель — Салиева көчөлөрү;
  • Фрунзе — Курманжан Датка — Шабдан Баатыр — Лермонтов көчөлөрү;
  • Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан Баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.


«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну эртелеп камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика