14:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кеңеш. Май майрамдарына карата иш-чаралар

Май айында үч майрам катары менен белгиленип, ага ылайык эс алуу күндөрү дагы көп болот. Бул жолу кыргызстандын төрт күн, 9-12сине чейин эс алышат.

24.kg агенттиги бул күндөрдү көңүлдүү өткөрүү үчүн иш-чаралардын тизмесин сунуштайт.

1

Өлкөнүн кооз жерлерине сапар тартуу

Кыргызстандын кооз аймактарына топ болуу саякатта күч алууда. Ири туристтик агенттиктерден тарта, чакан компаниялар өлкөнүн булуң-бурчунда бир күндөн 2-3 күнгө чейинки сапар сунушташат.

Кааласаңыз социалдык тармактардан чакан топторду таап алсаңыз болот. 10-15 жаш улан-кыздардын тайпасы тынымсыз эс алуу күндөрү тоого, кооз жерлерге сапарга чыгып турушат.

Ала-Арча эс алуу паркы, Кел-Тор, Соң-Көл, Ысык-Көл, Конорчок капчыгайындагы Гранд каньон, Кемин, Айгүл тоо, Арсланбап жана башка жерлерге барып келе аласыз.

2

Коңшу мамлекеттерге саякат

Төрт эле күн эс алуу болгондуктан, алыскы өлкөлөрдү пландай албайсыз. Эң ыңгайлуусу коңшу мамлекеттер менен танышуу. Ал үчүн Ташкент жана Алматага сапарга чыксаңыз болот. Алматага эртең чыгып, кечинде кайтып келе аласыз. Билет баасы 1,5 миң сомдон. Ташкентке эки күн жана кеминде 5 миң сомдой коротосуз.

3

Балык уулоо

Шаардын сыртындо бир топ балык уулоочу жайлар бар. Ал жерлерде таза табиятта эс алып, балык уулап келесеңиз болот. Жапайы көлмө, суулардан сырткары, атайын эс алуучу жайлар дагы түзүлгөн.

Бул үчүн пикниктин ыңгайлуу шарттын жактыргандар үчүн. Анткени, тоо койнунда ат минип, балык уулап, ошол эле учурда сизди жакшылап тейлеп, тамак ашты да мыктылап даярдап бере алышат.

4

Кино жаңылыктары

Кинотеатрларда өзгөчө премьера жок. Анткен менен чолоңуз тийбей жаңы чыккан тасмаларды көрө албай жүргөн болсоңуз «Апамды издейм 2», «Кайынене», «Ракета» комедияларына барып, чер жазып алсаңыз болот. Же болбосо Азамат Арыкбаевдин «Мурас» триллерине кирип чыгыңыз.

5

Театрга баш багып, эстрада жылдыздарына конок болуңуз

9-май күнү Опера жана балет театрында Жеңиш күнүнө карата бекер концерт коюлат. Ага чейин 5-майда «Княз Игорь» операсы коюлат. 12-апрелде «Саманчынын жолу» балети болот. Кирүү акысы 200 сом. Айтмакчы бул күндөрү «Асанбай» борборунда сүрөт көргөзмөсү ачылат.

1-май күнү Улуттук спорт сарайында казак ырчысы Кайрат Нуртастын концерти өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар