17:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айнаш Козубаева Москвада дүкөндө иштеп, ыр жазып, мигранттардын театрын түптөөдө

Айнаш Козубаева үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашайт. Мекендешибиз Россиянын борборундагы дүкөндөрүнүн биринде кассир болуп эмгектенүү менен бирге чыгармачылыгын дагы өркүндөтүүгө убакыт табат.

Өткөн жумада анын биринчи ыр жыйнагынын бет ачары болду. Айнаш Козубаеванын «Мекенге кат» китебинен ата-журтка кусалыктан жаралган ырлары топтолду.

Айтмакчы, Айнаш Козубаева Москвада «Аян» театрлдык тобун негиздеп, түптөөдө.

Ал 24.kg агенттигине мигранттын түйшүктүү жашоосуна карабай оргуштаган өнөр жана мекенге кусалыгы менен бөлүштү.

— Айнаш эже, жумуш, үй-бүлө, анүстүнө небериңиз менен ыр жазганга кантип убакыт табасыз?

— Ырды акыркы жылдары эле жазып баштадым. Ага чейин чыгармачылыкка убакыт жок болуп, башта башка ойлор, көр тириликтин арабасын түртүү менен алек болчумун. Адамдын акылы 50 жашка келгенде көп нерсени анализдеп, толукталып, жашоого көз-караштар өзгөрөт экен. Акындардын ырларын окуп, шыктанырып жүрүп, менде да ой-толгоо башталды. Алгач ырларымды социалдык тармакка жарыялап, элдин сынына коюп, оңдолуп түзөлдүм.

Мага Москвадагы акын жазуучулардын «Москва кайрыктары» деген адабий ийрими дагы чоң дем берди. Ал жерде биздин мыкты кыз-уландарыбыз бар. 18ден 65ке чейиннки жаш курактагылар топтолгон. Жамал Сабаева, Урмат Сатарова, Бапанов Багыт агабыз ийримдин иштешине чоң салым кошуп келишет.

— Бул ийримдегилер өздөрү Москвада башка тармактарда эмгектенишет?

— Ооба, ар ким өзүнүн жумушун жасап, нанын таап жеген иши менен алек.

Ийрим — бул чыгармачылык, эргүү, биздин руханий азыгыбыз.

Мисалы, Бапанов Багыт агабыз ал өзү медицина тармагында иштейт.

— Негизи эле Москвадагы диаспора көп иш-чараларды өткөрүп, мекендештер менен тыгыз иштейт?

— Туура, биздин диаспоранын ичинде ар кандай коомдук, маданий уюмдар бар. Алар ар тараптуу иш алып барышат. Бул биз, нечен жылдап Россияда иштеп жүргөн кыргыздар үчүн абдан маанилүү жана зарыл.

Москвада мекендеш арасында облус, районго карап бөлүнмөй жок. Эгер Кыргызстанда дагы ушундай ынтымак болсо, алдыга жылыштар болмок.

Мекенден алыс жүргөндө гана, мекенчил сезимиң ойгонуп, куса болуп, туулган жериңдин топурагынын баркына жетесиң. Кыргызстандан жакшы кабар уксак сүйүнүп, жаман маалымат болсо кейип кабыл алабыз.

— Сиздин мекенге сагынычыңыз бир ыр жыйнагы болуптур...

— Мекен жөнүндө биринчи ырым белгилүү акын Зинакан Пасанованын демилгеси менен «Акындар Ошту даңкташат» ыр жыйнагына киргизилди. Зинакан эже ушу социалдык тармак аркылуу эле менин менен байланышып, «Ошко сагыныч» ырымды китепке киргизүү сунушун көтөрүп калды. Ошондон кийин эже менен тааныш болуп, мага багыт берип, китебинин басылышына дагы себепчи болду. Китебим Кыргызстанда басылды. Бет ачары Москва шаарында өттү.

— «Аян» театрын кантип түзүп калдыңыз?

— Мен бул жакта иштеген балдар-кыздар менен сүйлөшүп, алардын бир да жолу театрга барбагынын угуп, кейип жүрчүмүн. Жаштар маданият, искусствого тартылбай жашоо өткөрүп жатышат.

Анан белгилүү актер, режиссер, Маданияттык мыкты кызматкери Садыр Сагынбаев менен жолугуп калдым. Ал азыр бул жакта окууда. Ошо кишиге ушу биздин мигранттардын да өзүнүн театры болсо десем, оюмду улап, труппа топтоону сунуштады. Кышында ишти баштаганбыз. Москвада иштеп жүргөн кыргыз кыз-балдарды актерлукка окууга чакырдык. Садыр агай өзү тандап, окутуп, үйрөтүп жатат. Азыр жамаатта 18 киши бар. Курулушта, дүкөндө, тейлөө жаатында иштеген улан-кыздар келишти.

Кээ бирлери мектепте, университетте КВН, «тамашоулорго» катышып жүрүшкөн экен. Айрымдары жөн эле калоосу күч болгондуктан келип кошулду.

— Театрды ким каржылайт? Өздөрүңүздөрдүн имаратыңыздар барбы?

— Акча да жок, имарат да жок. Баарыбыз эле иштен кийин чогулуп, даярданып, үйрөнүп жатабыз.

Алгач кыргыз чайканаларынын кабинкаларын алып, ошол жерде бир нече саат репетиция кылып жүрдүк.

Негизи топтолуш дагы кыйын. Себеби, бири бош болсо, экинчиси иштеп калат. Негизги жумуш башкы орунда. Андыктан жай кыймылдап жатабыз. Бирок, балдардын калоосу күч.

Өзүм күчүмө жараша акча жагын чечкенге аракет кылам. Балдар да ортодо акча чогулта калат. Азыр Анзира Тасмаева деген кызыбыз өзүнүн Москва шаарында ачкан кафесинин ашканасын түнү бошотуп берип жатат. Ашканада түнү жумуш 11-12де аяктайт. Биз түнү барып, метро ачылганга чейин даярданып, анан үйгө барып, 2-3 уктап, кайра жумушка чуркайбыз. Бизге кошулам дегендерге эшигибиз ачык.

— Театрдын бет ачары боло элек?

— 8-мартта өткөн иш-чарага кыска үзүндү гана койдук. Эл абдан жакшы кабыл алды. Азыр Жума Кундуздун «Хан оюну» жеген пьесасын даярдап жатабыз. Сценарийди Бишкектен Улуттук кыргыз драма театрынан алдырдык. Бышканда бир жерди тандап, премьерасын көрсөтөбүз.

- Эгер Сагын Садырбаев Кыргызстанга кайра келсе, театр эмне болот? Андан ары алып бара аласыздарбы? 

- Сагын агай кетпек, улантуу ниети бар. Алар балдарды топтоп, кеңейтүү оюн айтып жатат. Азыр акча маселеси бар. Негизи пьесабыз даяр болсо, диаспора аркылуу билет саттырып, кичине тыйын түшсө, балдарга стимул кылып берсек жакшы болот эле. Москвада кыргыздар көп. Бул биздин маданий жаңылануубузга кадам.  Жаштарды түнкү клубтардан театрга тартуу аракетибиздин арты менен көп маселер чечилип калат эле. 

Эң көп окулган жаңылыктар