USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Шаардык сот Хашим Зайналиевге элдерди дарылоого тыюу салды

10:11, 19 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык соту элдик табып Хашим Зайналиевге даарыгерлик ишин жүргүзүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтик маалыматында, Хашим Зайналиев уруксатсыз элдерди дарылаганы үчүн 100 миң сом акча төлөшү керек.

Белгилей кетсек, Башкы прокуротуранын эскертүүсүнө, Октябрь райондук соттун чечимине карабай, табып дагы эле элдерди дарылоону улантууда.

Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча мыйзамдын 5-15-беренелерине ылайык, өлкөнүн аймагындагы медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн, жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик орган тарабынан атайын лицензиясы болушу шарт.

Хашим Зайналиев Саламаттык сактоо министрлининен дарылоого лизенция алган эмес. Анын ооруканасында бир нече өлүмгө алып келген учурлар катталган. Хашим Зайналиев декабрь айында камоого алынып, кайра акталып чыккан болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика